Мурадил Данияров Сүйүүнүн аялдамасы
00:03:47
Жүктөлгөн: 04-04-2025
03:47
5.22 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Мурадил Данияров "Сүйүүнүн аялдамасы"
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Байкасам мындай болбогом
Өзүмчө жатып толгоном
Өзүңдү ойлоп жатарда
Өзүң деп таңда ойгоном

Эч кимге көңүл бурбаган
Сүйүүмдү менин уурдаган
Жигитче ойду толуктап
Таштайын сага бир кадам

Кайырма
Балбылдап оттой жанасың
Чын айтсам мага жагасың
Башкалар түшүнүшпөгөн
Көңүлдүн тилин табасың

Ийменип кылыктанасың
Чакыруу берем кагазын
Убакыт 19:00
Сүйүүнүн аялдамасы

Кабылал сунган гүлүмдү
Уялып катпа жүзүңдү
Ашыктык артып баратат
Укканда назик үнүңү

Бакытым башка конуптур
Убакыт жылбай коюптур
Бар болсоң чындап махабат
Түбөлүк бизди жолуктур

Кайырма
Балбылдап оттой жанасың
Чын айтсам мага жагасың
Башкалар түшүнүшпөгөн
Көңүлдүн тилин табасың
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан