Өктөм Сапар уулу, Назик Абдымамытова Ак куу белең Айперим
00:03:46
Жүктөлгөн: 10-04-2025
03:46
3.5 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
Maksatbek_2000
2025-04-10 18:29:46
ЭЛДИК АУДЙОНУ ДА ЖАНЫЛАП ТУРУНУЗДАРЧЫ
0
Өктөм Сапар уулу , Назик Абдымамытова "Ак куу белең Айперим"
Сөзү : С. Алтымышев
Обону : Тарас Асанакунов
Айдын, көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.

Кайырма:

Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, Айперим?

Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.

Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан