QYZYM
Кайырма;
Бактылуулук берип кусалыкты кемиткенсиң,
Жүрөктөгү тоңуп калган музду ээриткенсиң.
Өзгөчөсүң кызым жерден эмес бейиштенсиң.
Менин периштемсиң, менин периштемсиң.
Жараткан берген жарыгым, жароокер кызым,
Кучактап Атоо деген сайын бекем кысып
Азыртан эле кызганычым бар тымызын,
Кыялдарым алып учат мени алыстарга сызып!
Кызым, мен сени аябай жакшы көрөм менин Кызым
өзүң менен башка нерсе мага эмес кызык!
Кызым, океандан өтөм сен үчүн сүзүп.
Кыялдарым алып учат мени алыстарга сызып!
Кайырма:
Бактылуулук берип кусалыкты кемиткенсиң,
Жүрөктөгү тоңуп калган музду ээриткенсиң.
Өзгөчөсүң кызым жерден эмес бейиштенсиң.
Менин периштемсиң, менин периштемсиң!
Ардагым жароокерим, жаным, кичинекейим,
Ар дайым жанында болуп бапестеп эркелетейин.
Таасирин сыноолордон алып келет жеңиш
Кучагыңда мээрим, жыттасам жытыңда бейиш'
Айым көлүм кызым жаратканым берген байлык,
Дайым бекем кысып, тосуп алат кучак жайып'
Кулуп жылмайып, бактылуу бологой жаным'
Атакең ар дайым жанында болорун унутпагын!
Кайырма:
Бактылуулук берип кусалыкты кемиткенсиң,
Жүрөктөгү тоңуп калган музду ээриткенсиң.
Өзгөчөсүң кызым жерден эмес бейиштенсиң.
Менин периштемсиң, менин периштемсиң!