Кундуз эже ушундай таланттуу обончубу? Айтор азаматсыздар. Мыкты текстке мыкты обон и плюс мыкты аткарган Гулнара эже ошон учун хит болуп атат.
+1
nurik-jami
2016-12-24 23:16:05
Бул ырды уккан сайын БАЛАМА болгон сагынычым куч алат. Сагындым сени кичинекейим менин.
+1
Rasul94
2017-02-25 22:04:41
ушул ырдын Венера Назаралиева ырдаган варианты керек болуп атат админ
+1
malsirun
2017-09-03 03:08:34
салам супер ушул ырдын минусун жуктоп койунуздарчы сураныч ушул вариантын
+1
raikakyz
2017-11-02 22:10:50
Супер ыр! Аябай сонун жазылыптыр,обону да сонун. Аткаруучу Гулнара Кахарова эн мыкты денгээлде ырдаптыр.Азаматсыз эже.Бар болунуз.
0
Attokurova17
2017-11-03 12:58:03
Соонун ыр
+1
Aznazalai
2017-11-15 14:26:38
Бар болунуз. Сонун ыр
+1
Jigit86
2017-11-23 10:41:01
Эн сонун,энеден баланы ажыратпасын Аллахым!
+1
Byrmachach
2018-08-27 00:39:02
Ушунча ырдын ичинен эң жакшы Балама арналган ыры үчүн рахмат! Аябай тексти, музыкасы, аткаруучунун үнү шайкеш ыр экен.
0
Zotova
2019-02-27 22:54:05
Керемет!!! Баракелде!!! Бар болуңуз.
0
Sweet-Lika
2019-09-28 08:58:16
Мурда маани берчү эмес элем, өзүм стресс, шок болуп жүргөндө капыстан инстаграммдан угуп калып, өксүп-өксүп ыйлаган элем... Үнүңүзгө береке. Балдарыңыздын бактысына аман болуңуз, жана БАЛДАРЫҢЫЗ СИЗДИН БАКТЫҢЫЗГА АМАН БОЛУШСУН!
0
alisa0910
2019-12-20 13:20:18
Эн сонун!унунузго береке Гулнара эже! Жене боюнду дуркуроткон ыр экен. Козумо жаш алдым. Балдарыбыз болбосо кантип жашамак экемин деп ойлонуп коём. Ата-энеме чексиз ыраазымын! Бизди ушул даражага жеткиргенине.
0
muras111211
2020-08-06 12:35:54
Унунузго береке.чыгармачылык ийгилик!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым - менин кымбатым,
Балдарым - менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.