Динара Акулова Алтын өмүр
00:03:43
Жүктөлгөн: 10-11-2011
03:43
3.42 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (5)
Ashan
2011-11-15 00:39:31
Оооо сонун,откон кундорду эстетет ....
0
Azyk
2011-11-16 10:05:18
иии сооонун ыр да ушу
0
dsamidinov
2011-11-19 19:30:29
Динара эже ийгилик сизге омурунуз узун болсун .
0
heartless_girl
2012-02-12 11:49:59
ушул эжебиз жагаттта уну оригиналда бактылууу болунуз
0
admin_superstan
2014-01-08 15:08:25
jalgyzdyk,
Ырдын автору такталды. Сөзү Оңолбек Соурбаев жана Кубик Калыковго, ал эми обону Кубик Калыковдун өзүнө таандык.
Ушул сыяктуу сын-пикир же сунуш жазарда бир аз агрессияны токтотуп туруп жазсаңар. Ырчылар да адамдар. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.
0
Динара Акулова "Алтын өмүр"
Сөзү : Оңолбек Соурбаев жана Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Алтындай жаштык өмүрдө,
Армансыз өтсөк эмне?
Көңүлдө кайгы болбостур,
Кошулсаң сүйгөн теңиңе.

Күмүштөй жаштык өмүрдө,
Күйүтсүз өтсөк эмне?
Жаркырап жанар жылдызым,
Жанашсаң сүйгөн теңиңе.

Кайырма:

Аттиң ай, аттиң ай,
Армансыз жаштык, ай.
Өмүрүң өтсө да,
Алтындай шаттык, ай.

Жаштыктын гүлүн терели,
Жаштыктын сүйүү белеги.
Жаркының жанда болбосо,
Жашоонун барбы кереги?

Махабат гүлүн терели,
Махабат жаштык белеги.
Жалжалың жанда болбосо,
Жашоонун канча кереги?

Кайырма:

Жашырбай жаштык илепти,
Жараткан берсин тилекти.
Жалжалым, өзүң дарыла,
Жарадар болгон жүрөктү.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан