Биз социалдык тармакта
Эмил Балтагулов Жылдыздуу түн
00:04:36
Жүктөлгөн: 04-12-2012
04:36
4.21 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (5)
suke12
2012-12-18 15:46:50
жакты делай
0
NuraiNurdinova
2013-01-16 17:06:46
abdan sonun yr eken
0
kursantvs
2015-03-17 10:30:46
Суйом ушул ырды
0
Atlantic
2016-07-31 21:00:03
Сонун ырдайтда ийгилик сага
0
Абдулла
2023-05-19 04:12:00
Ото сонун ыр экен
0
Эмил Балтагулов "Жылдыздуу түн"
Сөзү : Б.Абакировдуку
Обону : С.Андабековдуку
Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип,
Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда,
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.

Кайырма:
Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди,
Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң,
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.

Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Сенден мага, менден сага жылуулук.

Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап,
Аалам турду агыш тартып жалтырап.
Махабаттын же жаштыктын күчүбү?
Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан