Биз социалдык тармакта
Эмил Балтагулов Күзгү жалбырак
00:03:29
Жүктөлгөн: 05-12-2012
03:29
3.19 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
nurbek.86
2012-12-05 22:40:36
жакшы ыр.урматтуу суперчилер сиздерден сураныч Зуура Алымкулованын коп караба сени суйуп каламын аттуу ырын киргизип коюнуздарчы.
+1
Ysykataarashan
2013-01-16 02:00:35
nurbek.86, тапсак киргизебиз, автору Эмил Балтагулов болуш керек ал ырдын.
0
MEDEROLLA
2018-03-24 02:39:13
сонун ыр
0
Эмил Балтагулов "Күзгү жалбырак"
Шуулдаган теректердин дабышы,
Сооротушу, көңүлүмдү алышы.
Соолуп барат азап чеккен жүрөгүм,
Адат болду көз жашымдын агышы.

Кайырма:
Армандарым ичте жүрөт көрүнбөй,
Айсыз түндүн чеги болбос төрүндөй.
Үзүлө албай жашайт үмүт,
Саргаямын күтүп жүрүп,
Күзгү жалбырактын өңүндөй.

Бизде болчу махабаттын ысыгы,
Таптым дегем ак сүйүүмдү чыныгы.
Ак тилектер талкаланып чачылып,
Колго тийди анын майда сыныгы.

Эстей берем чогуу жүргөн күндөрүм,
Сен бар үчүн жашоом кооз, чүрөгүм.
Эркелетип нуруң сени, сен мени,
Уччу элек го мейкининде дүйнөнүн.

Кайырма:

Айсыз түндө жылдыздарды санаймын,
Жарыгы өчкөн кош жылдызга караймын.
Соолубасын жазда ачылган гүлүңөр,
Адамзатка мен ошону каалаймын.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан