Биз социалдык тармакта
Эмил Балтагулов Жетим арманы
00:03:49
Жүктөлгөн: 18-12-2012
03:49
3.49 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
Akylbekova_96
2012-12-20 14:03:44
жакшы
+1
AlibaevO
2018-02-27 01:31:19
Өтө соонун чыгармачылык ийгилик бул ыр мага арналып жазылгандайгоо
0
Эмил Балтагулов "Жетим арманы"
Оорусам мен деп ооруган,
Апакем менин бар бекен?
Эмне үчүн келбейт бир жолу?
Атакем менин кайда экен?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.

Чымчык да коргойт балапан,
Чымды алып келип талаадан.
Унчукпас болуп мен бүгүн,
Кусадан ооруп баратам.
Кызгалдак терип келсем дейм,
Апакем, сага берсем дейм.
Мойнунан бекем кучактап,
Аталык мээрим көрсөм дейм,
Энелик мээрим көрсөм дейм.

Сумсайып барат негедир,
Ачылбай сыздап көңүлүм.
Айта албай, ата, атыңды,
Өтөбү эми өмүрүм?
Күлкүнү билбей кайгырып,
Ой менен жашап өтөмбү?
Айта албай эми атыңды,
Өмүрдөн өксүп өчөмбү?
Жашоодон ыйлап өтөмбү?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан