Биз социалдык тармакта
Эмил Балтагулов Издейм сени (С.А.В)
00:04:43
Жүктөлгөн: 19-12-2012
04:43
4.32 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
Eli75
2013-10-26 14:29:15
Жакшы ырдаптыр, рахмат.
0
Fernando
2013-12-04 00:52:36
M.S.V nenen joluktursun Bizdi omin
0
Fernando
2014-11-26 13:16:53
Fernando, M.A.S dyn ShApaaty buirusun barybyzga INSHALLAH
0
Эмил Балтагулов "Издейм сени (С.А.В)"
Сөзү : Ж.Жумакадырдыкы
Обону : Э.Балтагуловдуку
Жааган кардын түрлөрүнөн,
Бакчалардын гүлдөрүнөн.
Ашыктардын жүрөгүнөн,
Издей берем сени Мухаммед
Айдын, күндүн нур өңүнөн
Асылдардын тилегинен
Акыйкаттын мүрөгүнөн
Издей берем сени Мухаммед

Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени, ашыктардын жүрөгүнөн
Салам айтам сага Мухаммед

Көпөлөктүн учушунан,
Көңүлдөрдүн чокусунан,
Деңиздердин толкунунан,
Издеп келем сени Мухаммед
Акыл ойдун тазасынан,
Ааламдардын башатынан,
Аталардын батасынан,
Издей берем сени Мухаммед.

Издейм сени ааламдардын башатынан
Издейм сени аталардын батасынан.
Салам айтам сага Мухаммед

Сүйүүлөрдүн желегинен,
Момундардын белегинен,
Зикирлердин тереңинен,
Издеп келем сени Мухаммед.

Улуулуктун данегинен,
Урмат сыйдын дарегинен.
Үмөттөрдүн карегнинен
Издей берем сени Мухаммед

Издейм сени сүйүүлөрдүн желегинен
Издейм сени зикирлердин тереңинен
Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени, сени ашыктардын жүрөгүнөн
Издей берем сени Мухаммед.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан