Биз социалдык тармакта
Эмил Балтагулов Кызым, ай
00:03:38
Жүктөлгөн: 19-12-2012
03:38
3.32 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
bakir
2012-12-20 05:21:16
Азаматсын Эмиль! Кыргыз элинин алдынкы жигиттеринин бирисин!!!
+5
Эмил Балтагулов "Кызым, ай"
Бул ыр Гүлгүнай менен биргеликте аткарылган
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Жаркыраган бакыт-таалайым,
Жарык кылган маанайым.
Жаңы ачылган жоогазын белең, кызым,
Жытыңан ананайын.
Кагылайын менин каралдым,
Кан-жанымдан жаралдың.
Күйүп-жанып өзүңөр үчүн, кызым,
Бардыгына даярмын.

Кайырма:
Атыңдан кагылам, зирегим,
Аминам, Мадинам - белегим.
Акылдуу, ыймандуу болсо экен деп
Жараткандан тиледим.
Кагылам, сагынам, белегим,
Аминам, Мадинам - тилегим.
Асыл жол, бакыт жол бере көр деп,
Жараткандан тиледим.

Башыңарга бакыт консо дейм,
Ыйман, ырыс толсо дейм.
Эл үчүн деп согуп турган жүрөгү,
Элдин кызы болсо дейм.
Кубанычтан дайым күлсө дейм,
Туура жолдо жүрсө дейм.
Ата Журтун, өз мекенин аздектеп,
Эли-жерин сүйсө дейм.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан