Элмирбек Иманалиев Жайсаң ыры
00:02:54
Жүктөлгөн: 28-01-2013
02:54
2.65 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (6)
Happymom
2013-04-04 11:40:04
Элмирбектин көп ырларын кызыгып угам,теледен сүйлөп калганда дагы сүйлөгөн сөзү орундуу жана нускалуу,андыктан келечектен дагы коптү үмүттөнөбүз дагы-дагы көптөгөн жаңы чыгармаларды күтөбүз али жаш ийгиликтер алдыда.
+1
azabraza
2013-04-23 15:40:49
мен издеп жургон ыр,акыры таптым, сиздерден сураныч ушундай дастандардан кобуроок жуктоп койсонуздар.
+1
buduz-80
2013-04-27 10:52:07
ушундай комуз м/н ырдалган ырларды,дастандарды,кобуроок чыгарып койсо болбойбу,бул ырларды эл издеп таппай жатат,Кыргыздын залкар ырлары да булар.Кыргыз сайт болгондон кийин Кыргыз эстрадасы эле эмес ушундай ырларды кобуроок чыгарсанар,Супер сайт дагы таанымал болот эле да.
+2
toma85
2014-03-20 17:07:40
Скламатсыздарбы супер инфонун жамааты. Сиздерден отунуч Элмирбек Иманалиевдин Боздотпочу деген ырын жуктоп коюнуздарчы. Эч жерден издеп таппадым. Аябай уккулуктуу ыр эле
+1
admin_media
2014-03-20 17:17:15
toma85,
Саламатсызбы! Бир эле билдирүүнү кайталап жазууга тыюу салынат! http://www.super.kg/media/useraudio/78219/ ушул жерде жооп жазылган сизге.
+1
Abu04
2015-01-28 20:32:06
Сөз жок жакшы ыр бирок, Манасты теңирим дегени такыр туура эмес. Элмирбек эгер окуп калсаң ушул жерин оңдоп ырдайсың деп үмүттөнөм. Алла Таалага шерик кошуу өтө чоң күнөөлөрдөн.(андан баарыбыздыКудайым өзү сактасын).
0
Элмирбек Иманалиев "Жайсаң ыры"
Ээ,ий, тентиген элди жыйнадың,
Темирден кана найза ыргадың.
Телбирген жетим-жесирди,
Тегизге бөлөп сыйлалың.
Теңирим,оо, Манас сени мен,
Термелеп жүрүп ырдадым.

Дил болгон гана элди жыйнадың,
Куш канат найзаң,оо, ыргадың.
Куураган жетим-жесирди,
Кутуртуп канча сыйладың.
Куну жок, оо, Манас сени мен,
Кубалап гана жүрүп ырдадым.

Кыргызды белге туу кылдың,
Кымызды чылап уу кылдың.
Кысталак Манса кээбирде,
Кытайга чейин чуу кылдың.
Кыйшайтпай, оо, бирок сөзүңдү,
Мен кылымга жетер гана дуу кылдым.

Санатты гана кылсаң, ээ, ий, сен кылдың,
Сайышкан жооңо тең кылдың.
Сай-сайлап жүргөн кыргыздын,
Санаасын басып эл кылдың.
Сан болсоң, ой, сансыз болгон деп,
Санаттын гана баарын мен кылдым.

Урушту гана кылсаң, ий, сен кылдың,
Ушташкан,оо, жоого тең кылдың.
Уруудан жыйнап уютуп.
Улуу кан журтту эл кылдың,
Улук болсоң, ой, устум болгон деп.
Укмуштун баарын,эй, мен кылдым.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан