Айдин Шер Кыргызым
00:03:25
Жүктөлгөн: 14-02-2013
03:25
3.13 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
kama_future_millioner
2014-06-24 10:07:34
Абдан сонун ыр
+1
Atabaev.kg.su
2015-09-12 01:30:32
Жагатго
+1
aziatka15
2016-02-29 10:31:10
Песня со смыслом! Браво!
0
happyflower
2018-02-09 23:34:45
Саламасызбы админ ушул ырдын же С.Бейшекеевтин аткаруусундагы Кыргызым ырынын минусовкасын жуктоп кое аласыздарбы? Абдан чон жардам берген болот элениздер. Очень нужно
+1
Айдин Шер "Кыргызым"
Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.

Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.

Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.

Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.

Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалаар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.

Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай, сени менен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан