Айнура Салахидинова Ак тилек
00:03:35
Жүктөлгөн: 18-02-2013
03:35
3.27 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (6)
Shura
2013-03-01 14:49:01
Эмне оозуна кант салып алып ырдаганбы?
же уйкусу канбай калганбы? Сонун ырды олтуруптур.
-1
4aidai
2013-04-07 18:43:25
Shura, soonun ele yrdagan. Tushunup tushunboi ele jaza beresinbi? Maga misaly jakty.
0
Aygerim_tls
2013-06-24 15:57:35
:-))))))) оозуна кант салып ырдаганбы дегенин окуп алып ырды угуп кулкум келип кетти. Кулагына кант салып уккан окшойсун. Кечир бирок ыр абдан эле тунук экен.
0
kulpunaikg
2013-09-10 17:01:17
Айнура Молодец!!! Тойго жакшы ыр экен.
0
tynara81
2014-01-11 19:01:14
Издеп жургон ырымды таптым. Ураа!
0
Ali_Bolotbek
2018-08-08 09:32:29
Бул ырды Ак-Талаага барганда автордун аткаруусунда уктум эле шумдук ырдайт экен. Салахидинова автордун оозунан бир угуп койсо жакшы болот эле. Балким уялып калмак. Чын эле сонун ырды өлтүрүп(((
0
Айнура Салахидинова "Ак тилек"
Жаңы турмуш улакмак,
Жакшы го дейм бул адат.
Келин келсе биздин эл,
Кут келгендей кубанат.
Кары –жашы чогула,
Калбай келет тоюна.
Боорсок чачып башына,
Тыйын чачат жолуна.

Түшүнүп ал сен эми,
Боорсок чачкан себебин.
Ыйык нандай табылгыс,
Ак жолтой бол дегеним.
Тыйын чачкан себебин,
Сырын чечип берейин.
Дүнүйөгө келиним,
Кароо болбо дегеним, эй.

Кыздар аста гүлкүлдөп
Бөбөктөрү бүлкүлдөп.
Келин жанында отурат,
Көшөгөдө үлпүлдөп.
Мүнөздөрү өзгөрүп,
Ой үстүнөн өчүрүп.
Келечегин ар кимдин,
Көз алдынан өткөрүп .

Бүгүн баары башкача,
Мөл булактай таптаза.
Ар киминин дилинен,
Оргуп чыккан ак бата.
Жакшылыгын ашырган,
Жамандыгын жашырган.
Бүлөө болгун ак жолтой,
Жолук түшпөй башыңдан.

Кайрымдуу бол карыңа,
Жагымдуу бол жарыңа.
Өз өзгө деп чектебей,
Бирдей кара баарына.
Алпештеген эл дагы,
Алдыңдагы жер дагы.
Жакшы болсоң сен эгер,
Жарың менен тең кары.
Наристелер төрөлсүн,
Ак бешике бөлөнсүн.
Ортоңордон жыл өтпөй,
Көшөгөңөр көгөрсүн.
Балкытып кош денемди,
Бата берет эл эми.
Келеркиде оомийин,
Бешик тойго келели.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан