Сыймык Бейшекеев Ак көйнөк
00:02:48
Жүктөлгөн: 05-04-2013
02:48
2.56 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (5)
urimax
2013-05-02 15:28:46
эн сонун чыгармаю Азаматсыз Сыймык аке. Токтогулдун атак данкын чыгарып, дагы коптогон жаны чыгырмаларынызды угууга тилектешбиз.
0
patriottkg1
2013-06-28 22:52:32
жакшы ыр
0
DASTAN92
2014-02-02 15:46:31
Эмнеге Токтогулдун ? Токтогул да Кыргызстанда эмеспи?
0
Maks_sharshenaliev15
2015-01-05 11:25:24
mykty yr
0
sekelek96
2015-02-08 11:49:57
Жоолугуга ак койногун кийип кел керемээт
0
Сыймык Бейшекеев "Ак көйнөк"
Коңур күздө түшөт сары жалбырак,
Келчү жолуң күтөм карап жалдырап.
Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип,
Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап.

Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел.

Сени күтүү - зор бакыттын дал өзү,
Сени күтүү - ак сүйүүнүн өзөгү.
Ал ансайын сендик сезим артылып,
Сага болгон махабатым күчөдү.

Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.

Батыраак кел күзгү жаанга карабай,
Басалы бул эски бакты аралай.
Сапырылган жалбырактар шуудурап,
Кыялымды алып учат сабалай.

Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.

Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел,
Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел.
Кабагыңдан капалыгың сездирбей,
Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел.
Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел,
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан