Кутман Жолдошев Фрунзенин кечтери
00:03:59
Жүктөлгөн: 05-08-2013
03:59
3.65 Мб
Жанр:
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
adiboss
2015-10-08 11:25:57
жакшы ыр
0
Кутман Жолдошев "Фрунзенин кечтери"
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.

Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түнү айта бердиң жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдө билгениңди.

Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынчыма карашкансып.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.

Издеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта.
Түшүмдөн түндө сени жолуктурган,
Ырахмат миң мертебе махабатка.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан