Бишкек шаарында маршруттук таксилердин саны 4 миңге жетет. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атаканов SUPER.KG порталына бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
"Бүгүнкү күндө бишкектиктерди ташыган транспорт каражаттарынын 80 пайызы маршруттук таксилер, 20 пайызы троллейбус жана автобустар. Бишкек боюнча 40 жеке ишкана, 118 маршруттук каттам бар. Шаар тургундарын жалпысынан 4 миң маршруттук такси тейлейт, күнүнө 2700 унаа маршруттук каттамга чыгат. Жеке ишканалар Бишкек шаардык мэриясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштешет. Алардын ар биринин нарколог, механик жана диспетчерден турган өзүнүн жумуш штаты бар. Бул үч адис күндө эртең менен айдоочуларды жана алардын унааларын текшерүүдөн өткөрүп, каттамга чыгууга уруксат беришет", - дейт Атаканов.
Жагымсыз жагдайлардын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы атайын "185" кызматын түзгөн. Айрым маршруттук таксилердин салонунун абалы, айдоочулардын мамилелери жүргүнчүлөрдү канааттандырбайт. Мындай учурда да жогоруда айтылган кызматка кабарлоого болот. Бул кызмат менен Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 2 жылдан бери иштешип келери белгилүү болду.
"Бул кызмат менен иштешип баштаганыбызда алгачкы күндөрдө 50-60 арыз түшчү, учурда 4-5 арыз түшөт. Жүргүнчүлөрдөн түшкөн арыздар башкармалыгыбыздын алдындагы Жол жана көзөмөл бөлүмү менен каралып, тиешелүү деңгээлде чара көрүлүп келгендиктен, арыздардын саны кыскарды. Ал бөлүмдө 5-6 гана адис иштейт. Алар шаар тургундарын тейлеген бардык транспортту карап чыгууга физикалык жактан жетишпейт", - деди Атаканов.
2-сентябрда SUPER.KG порталына окурман "Бишкек шаарында абалы начар маршруттук таксилер көзөмөлдөнөбү?" деген суроо салып, №177-маршруттук таксинин салонунун абалы начар экенин кабарлаган болчу.
"Эгер жүргүнчү ал унаанын мамлекеттик номерин кошо жазып жибергенде, чара көрмөкпүз. Бирок №177-маршруттук таксилердин абалын сөзсүз карайбыз", - деп жооп берди Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атаканов.