“Альфа Телеком” ишканасынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси 25 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү чечимди кечээ, 13-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Чечимге ылайык, экс-кеңешчи Алмаз Абековдун мүлктөрү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт. Ал эми аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев 12 жылга, “Новострой Сервис” ишканасынын мурдагы төрагасы Кенжебек Аман уулу 8 жылга эркинен ажыратылды.
Эске салсак, 2012-жылы январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Альфа Телеком" жабык акционердик коомундагы коррупциялык схемалар тууралуу айтып, чыгым 142 миллион сом экенин билдирген. Ошол эле жылдын май айында уюлдук компаниядан дагы 6 миллион доллар каражат оффшордук зонага кеткени маалымдалган. Бул боюнча "алдамчылык", "коммерциялык уюмдарда иштегендердин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Абековго коррупциялык схемалардын башкы уюштуруучусу катары айып тагылган.