Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүн, 26-июнда саат 15:00дөн тартып SUPER.KG'нин түз эфиринде маек курат. Бийликтин өкүлү катары өлкөдөгү саясий кырдаал, чуулгандуу сот иштери, алдыдагы президенттик шайлоо жана башка окуялар боюнча Өмүркуловдун пикирин угуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Суроо узатып, саясатчыдан жообун угууга шашылыӊыз.
Суроолорду түз эфирге чейин WhatsApp аркылуу +996 557 75-63-63 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир башталганга чейин "Соңку кабар" аркылуу, тагыраагы, ушул кабардын астына да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.