Атамбаев: “Максим Бакиев өзүнө ылайык жазасын алат”

Президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев өзүнө ылайык жазасын ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Мамлекет башчы бул иш боюнча жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгара албай турганын белгиледи. “Бул маселени чечүүнүн жолун таптык. Менин оюмча, ал Англиядан дагы өзүнүн жазасын алат. Бизде мүмкүндүк пайда болду, аны колдон чыгарбайбыз. Анын жазаланышы мен үчүн деле эң негизги маселе болуп эсептелет. Бакиевдердин уурдалган акчасы роль ойногон жерден кээ бир чечимдерден утулдук. Ишти үзгүлтүккө учуратуу дагы болгон. Бул жолкусунда Максим кутула албайт”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан