Алмазбек Атамбаев: "2011-жылы Бабановду камайбыз дегенде мен сактап калгам"
Чолпон-Атада президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтүүдө. Атамбаевге НТС телеканалынын журналисти тарабынан "1 жыл мурунку маалымат жыйынында "мураскер дайындабайм" дедиңиз эле. Шайлоого Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталып жатканы кандай болот?" - деген суроо берилди.
"Ушак таратканды токтотпойсуңарбы? Мага мындай суроо бергенден мурун, тактап албайсыңарбы. Бабанов жакшы бала, аны колдоп келе жатам. Керек болсо, 2011-2012-жылдары камайбыз деп калганда мен сактап калгам. Мындай оюнуңарды токтоткула дегем. Анан ал президент болбой калса, административдик ресурс колдонулду дешибиз керекпи? Мен Жээнбековго айттым, катталгандан кийин кызматтан кетет. Өзү да макул болду", - деди Алмазбек Атамбаев.