Чолпон-Атада президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Өлкө жетекчисине "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш иши боюнча суроо берилди. Текебаевдин соттук ишинде 2010-жылдын 13-майы маанилүү жагдай болуп жатат, дал ушул күнү Текебаев Орусия жараны Леонид Маевский менен жолугуп, "Мегаком" боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн деп айыпталып жатат. Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Текебаев 13-майда 3 маанилүү жыйында болгонун, Маевский менен жолугушууга мүмкүнчүлүгү болбогонун айтып сотто көрсөтмө беришти.
Алмазбек Атамбаев: "13-майда ким, кайда болгонун билбейм, бирок 12-майда өкмөт үйүндө эч ким жок болчу. Баары жашынып калышкан. Анткени Убактылуу өкмөт отурган имараттын алдында митингдер өтүп жаткан. Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсү калган эмес, баары качып кетишкен. Көчөдө бир дагы милиция кызматкери болгон эмес. Мен сотко басым кылгым келбейт, сот чечсин. Бирок мен Бекназаров менен Отунбаева даярдаган улутташтыруу боюнча декретке эмне үчүн 51 пайызды ("Мегакомдун") улутташтыруу маселеси кирбей калганын эң жакшы билем. Бул Текебаевди колдоо эмес, Атамбаевди каралоо. Ал эми мен өзүм жасаган ишке дайыма жооп берем", - деди.