Алмазбек Атамбаев: "Икрамжан Илмияновго "сенин ордуңда болсом шофёрлордун партиясын ачып, президент болмокмун" дедим"

Чолпон-Атада 24-июлда президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Журналисттер президенттен мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмияновдун кантип өлкөдөгү эң бай 100 адамдын катарына кирип калганын сурашты.

Алмазбек Атамбаев: "Икрамжанды канчалык казсаңар да эч нерсе таппайсыңар. Эмне, айдоочулардын баары жаманбы анда? Мен ишенем, андан эч бир илинчек таппайсыңар. Ал да ар кандай сөздөрдөн тажаганын айтты. Мен ага "сенин ордуңда болсом шофёрлордун партиясын ачып, шайлоого катышып президент болмокмун" дедим", - деген жооп узатты.

Белгилей кетсек, жакында экономикалык багыттагы порталдардын бири Кыргыз жериндеги эң бай 100 адамдын тизмесин жарыялаган. Тизмеден президенттин мурдагы айдоочусу жана кеңешчиси Икрамжан Илмияновду да көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан