Атамбаев Аскар Акаевди эч качан кечирбей турганын билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы президент Аскар Акаевди эч качан кечирбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында айтты.

“Кээ бирөөлөр Аскар Акаевди кечирели деп айтып келишет. Мындай адамдарды кантип кечирсе болот? Миң тонна алтыныбыз бар болчу. Ага тасмаларды, маданиятты каржыласак болот эле. Ал болсо үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн алтынды башка кишиге берди. "Кумтөрдө" 67 пайыз үлүшүбүз бар эле, үлүшүбүз 16 пайызга чейин төмөндөп кетти. Ошондуктан мен Акаевди эч качан кечирбейм”, - деди ал.

Ошондой эле Атамбаев "Жер-Үйдү" мисал келтирди. Акаев да 300 сомго лицензия сатып келген, Бакиевдер да Березовский менен ага жакын кишилерден бир топ эле акча алып турганын айтты. Өлкөгө жана элге кыянаттык кылган адамдарды кечирүүгө болбой турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан