Атамбаев "Заноза" сайтына карата коюлган доо арызын эмне үчүн кайтарып албай турганын айтты

Бүгүн, 24-июлда маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев "Заноза" сайтына карата коюлган доо талаптарын эмне үчүн кайтарып албай турганын айтты.

Ал журналисттер чынчыл болуп, такталбаган маалымат, ушак жазганы үчүн жооп бериши керектигин белгиледи. Ошондой эле президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы аталган сайт менен соттошууну уланта берерин билдирди. “Азаттык” радиосуна карата доо арызын кайтарып алганына токтолду. Мамлекет башчы мекеменин редакциялык саясаты өзгөргөндүгүн, радионун жетекчиси ага келип катасын моюнга алганда доо арызын артка кайтарып алганын айтты.

Эске салсак, Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылдын март айында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларын, “Азаттыкты” жана “Занозаны” президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деп сотко берген. Өндүрүлө турган доонун суммасы 23 миллион сом болуп, 10 миллион сом жактоочулардан, 10 миллион сом “Азаттыктан” жана 3 миллион сом “Занозадан” суралган. Президенттин ар-намысын коргоо боюнча Башкы прокуратурадан сотко дагы арыздар берилип, соттон суралган доо акылардын жалпы суммасы 50 миллион сомго чукулдап калган.

Май айында өлкө башчы Атамбаев Башкы прокуратурага “Азаттыкка” карата коюлган доо талаптарды кайтарып алуу маселесин кароону сунуштаган. Маалыматты тараткан президенттик аппарат сотко арыздар берилгенден бери “Азаттык” бир тарапка тартпай калды деп белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан