Атамбаев БУУнун трибунасынан Кыргыз элине кайрылды

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышууда.

Сессияда мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү, андагы демократия үчүн күрөш, 2 революция жөнүндө айтып сөзүн баштап, дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр, экологияны коргоо өңдүү темаларда узак баяндама жасады.

Өлкө жетекчиси докладынын соңун Кыргызда өтүүчү президенттик шайлоого карата кайрылуу жасоого арнады.

"... Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун!

Алданбагыла акчага! Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө!" - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан