Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Казакстанда байлыктар уурдалып жаткандыктан казак элинин пенсиясы аз экенин айтты.
"Урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаев "Алматы шаарынын ички дүң продукциясы бүт Кыргыз өлкөсүнүкүнөн 5 эсе жогору" деп туура айткан. Туура, Казакстандын ички дүң продукциясы биздикине караганда 20 эсе көп. Анда эмне үчүн казак элинин пенсиясы биздикинен 1,5 эсеге эле көп, тариф 5 эсе көп? Эмнеге? Анткени Казакстанда байлыктар уурдалып жатат. Атамбаев аларга жаман үлгү көрсөтүүдө. Себеби эл адилеттүү бийликти каалап жатат... Бизге үйрөтүүнүн кереги жок. Биз өз жолубузду таап алганбыз", - деп билдирди Атамбаев.