Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миңдей абитуриент катышат

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миңге жакын абитуриент катышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга 42 миң 941 абитуриент катталган. ЖРТны 14-19-май аралыгында өткөрүү пландалууда. Ал эми жүйөлүү себептерден улам каттоого үлгүрбөй калгандарга тестирлөө башталганга чейин катталууга мүмкүнчүлүктөр каралган.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 62 миң окуучу мектепти аяктайт. Ал эми ЖРТ 2012-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жогорку окуу жайга тапшыруучулар үчүн милдеттүү болуп келет.

Эске салсак, ЖРТга катталуу 2018-жылдын 15-февралында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2018-04-28 10:24:56
Ушул иштер боюнча кимге кайрылсак болот менин иним озбекстанда болуп жатат кантип тапшыртырсак болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан