Бүгүн, 1-май күнү “Сейтек” балдар улуттук борборунун концерттик залында “Тамашоу” долбоорунун 10-сезонунун жарым финалы болуп өттү. Күлкү-шаңга бөлөнгөн долбоордун жарым финалдык концертинде учурда интернет жылдызына айланган Гүлзат Мамытбек менен Чыпалак баатыр башкы каармандар болду десек жаңылышпайбыз. Чыпалак баатыр өзү "тамашоучулар" менен оюн көрсөтүп, кантип тез арада интернетте популярдуу болуунун ыкмалары менен бөлүшсө, Гүлзат Мамытбектин “Тур кыргызым, тура гой” деген сөзүн күлкү жаратуучулар ыңгайы келген учурда эле кайталап жатышты. Өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды юмор аркылуу элдин эсине салган оюнчулар шамалдан учуп кеткен кыргыз туусун, 9 миң сомдук көчөттөрдү, Сапар Исаковдун отставкага кеткенин, 600 долларлык кычкачтар тууралуу тамашаларын көрсөтүшүп залда отургандарды кыраан-каткырыкка бөлөдү.
Жарым финалда жалпысынан 9 команда “Мурас”, “Ошингтон”, “You smile”, “Ой, бай”, “National”, “Студ Life”, “Оригинал”, “Ала-Тоо” жана “НУРивент” командалары ат салышты. “Биатлон” жана “Фристайл” сынактарынын жыйынтыгы менен 5 команда финалга өттү. Алар:
1-орун - “National” командасы;
2-орун - “Оригинал” жана “Ошингтон” командалары;
3-орун - “Ала-Тоо” командасы;
4-орун - “НУРивент” командасы.
Концерттин ачылышын “Тамашоунун” Премьер-Лигасында ойногон өспүрүм балдар-кыздар ачып берип, келген конокторду бир сыйра жылытты. Эмесе, кыска форматта оюн көрсөткөн Премьер-Лиганын тамашаларына орун берели.
“Кара кыздын агынан эмес тоналкасынан”
“Эсиң барда телефонуңду зарядкага кой”
“Өзүнө "уверенный" бала кечинде памперсин чечип уктайт”
“Урматтуу улуулар, эмнеге бизди кармап алып “апчүңдү көрсөтчү” дей бересиңер? Эмне өзүңөрдүкү жокпу?” деген кенже тайпанын балдарынын тамашаларынан эл ойгонуп, чоңдордун оюнун көргөнгө кызыгып калышты.
Премьер-Лиганын балдары оюн көрсөтүп бүткөндөн кийин эле Эрмек Нурбаев калыстар тобу менен тааныштырып, "бүгүн биринчи жолу калыстык кылып отурган “Ак-Өргө city” командасынын негиздөөчүсү" деп Эрмек Таалайбековду тааныштырды.
Жарым финалда “Биатлон” сынагында аткарылган тамашалар:
“Өзүнүн 600 доллар экенин билген кычкач депутаттарды тиштеп баштаптыр” (Студ Life);
“Тиши жок карышкыр койлорго засос кылыптыр” (Ала-Тоо);
“Өмүрүндө пара албаган гаишник төрөлө элек экен” (Ошингтон);
“Койлорго паспорт берилет дегенден баштап, аскердеги овчаркалар военный билет талап кыла баштады”;
“Мен турникке тартынбайм, анткени жигит эч нерседен тартынбаш керек” (НУРивент).
“Биатлон” сынагынын алкагында калыстардын суроо-жообуна кезек келип стилист-дизайнер Замира Молдошева: “Учурда социалдык тармактарда абдан белгилүү Гүлзат Мамытбекти туурап бергилечи” деп суроо салганда оюнчулардын бири, “Замира эже, туруңуз тура коюңуз, туруп суроо бериңиз” деп баарынын боорун эзди. “Мурас” командасы: “Аны туурабай эле тёркадан өткөрүп бербейлиби”, - деди.
Суроо-жооп оюнун улай режиссёр Рысбек Жабиров: "Дүйнөдө чечилбеген бир суроо бар. Адамдар дайыма "эркек сулуубу же ... " деп талашып келишет. Силерге суроо: Калыстар тобунда отурган Замира Молдошева сулуубу же Урмат Усеновбу” деген суроосуна “Ала-Тоо” командасынын оюнчусу: “Негизи сакалчандар сулуу, ошого Замира эже сулуу го дейм”, - деп жооп берди.
Ал эми биринчи жолу калыстык кылган “тамашоучу” Эрмек Таалайбековдун “Интернетте популярдуу болуш үчүн эмне кылыш керек” деген суроосуна Эрмек Нурбаев “өзүң белгилүү болгуң келип жатат окшойт, сурап калыпсың” деп чымчып сүйлөдү. Эрмек Таалайбековдун суроосуна “Ала-Тоо” командасы “Торпокту көтөрүп прогиб чапсаңыз популярдуу болосуз” деген тамашалуу кеңешин беришти.
“Фристайл” сынагы башталып, "Ошингтон” командасы Рысбек Жабировду сахнага чакырып Жоробектин ролун аткартышты. Команданын тапан балдары “Жоробек, сен кинодо "мощный" ыкмаларды көрсөтөсүң го, ошону азыр залдан туурап берчи?” деп Жабировду бир топ ыңгайсыз абалга такашты.
“Мурас” командасы Чыпалак баатырды чыгарып андан маек алышты:
- Айтсаңыз, эмнеге Чыпалак баатыр болуп алдыңыз?
- Анткени мен 21-кылымдын Кожомкул баатырымын. Эмне үчүн Чыпалак? Себеби ортоңку манжанын аты менен атасам уят да. Элдерге ошол манжамды көрсөтүп жүрмөк белем?!
- Чыпалагыңыздын дагы кандай пайдасы бар?
- Силер кол телефонуңарды бармак, сөөмөйүңөр менен чукулайсыңар го, мен чыпалагым менен чукулайм да.
- Ошол элеби?!
- Эй, бала, сен эмне деп эле менин башымды оорутуп жатасың? Абайлап сүйлөсөң, макулбу? Азыр чыпалагым менен көтөрүп 20 метр басып коём!
- Чыпалагыңызга көз тийбесин. Рахмат.
“Оригинал” командасы:
- Эрмек байке, биз сизге бир кой жана 9 миң сом белек алып келдик.
Сахнага көчөт көтөргөн жигит чыгып:
- Бул көчөт 9 миң сом. Ал эми койду шамал учуруп кетти.
Таксист менен кардардын маеги.
- Байке, сиздин машинаңыздын дөңгөлөгү летнийби же зимнийби?
- Осенний.
- Көптөн бери таксист болуп иштейсизби?
- А сен көптөн бери кардар болуп иштейсиңби?
Жолдон башка кардар чыгып таксистке:
- Ой, байке, вы свободны?
- Жок, замужем.
- Максим Горькийге барасызбы?
- Сен үчүн Максим Сладкийге деле бара берем, чоң кыз... (Ой, бай)
"Алтыным, берекем, кыргызым, космосум иште, иштей гой, бир мүнөт жөн турба. Тур, тура гой, Эрмек байке, сиз деле жөн турбай эки жакка басыңыз" (National).