Казакстандык спортчулар көчмөндөр оюнунун алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдешке каршылык жазып, катышпай койгондугу туура эмес. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ак-Төбө облустук Көкпар федерациясынын президенти Фархад Сансызбай казак курамасынын бул аракеттерин сынга алган.
"Казакстан Көкпар федерациясы журналисттерге "уюштуруучулар өз убагында аттарды даярдап берген жок" деп айтып жатышат. Бирок биздин спортчулар бул оюнга катышары бир жыл мурун эле кабарланган. Мындан сырткары, биздин курама оюн эрежелери эл аралык стандарттарга туура келбейт деп жатышат. Анткени жакынкы аралыктан бери казак оюнчулары тай казаны жок, чийинде ойноп калышкан. Кыргыз тарап бизге чийинде эмес, тай казанда оюн болорун алдын ала билдиришкен. Башка курамалардын баары тай казанда ойноп жатышат. Казакстан Көкпар федерациясынын бул аракети туура эмес. Оюн үчүн аттарды даярдоого бир жылдан ашык убакыт бар эле. Биздикилер бойкот жарыялап, оюнга чыкпай коюшту. Мындай кылган болбойт. Бул жерде бүтүндөй мамлекеттин намысы турат", - деп билдирген Фархад Сансызбай казак басылмаларына берген маегинде.
Ал эми Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти Ерлан Оспанов да бул окуя тууралуу билдирүү жасаган. Анын айтымына ылайык, оюндун уюштуруучулары алардын талаптарын аткарбай койгонуна байланыштуу курама команда мелдештерге катышуудан баш тарткан.
"Кыргыз тарап бизге аттарды берди. Бирок алар силердин курамыңарда биздин Кыргыз оюнчубуз болуусу керек деген шарт коюшту. Биз буга каршы болдук. Орусиянын Москва, Красноярск облусунан келген курама командаларды карасак, ал жакта жалаң эле Орусияда жашаган кыргыздар экен. Мындан улам Кыргыз өлкөсүнүн чыныгы улуттук курама командасы кайсы экенин айырмалоо кыйынга турат. Биз тандоо турунан өтүп жаткан маалда уюштуруучулар башка командаларда кыргыздар болбоосу керек экендигин айтышкан болчу. Ал эми эл аралык стандартка ылайык эрежелерге кайрылсак, тай казанга улак ыргытууда оюнчулар көптөгөн жаракаттарды алышат, биз 15 жыл бул эрежелер менен ойнодук, бирок жакында эле ал эрежелерден баш тартууну чечтик. Буга кыргыздардан башкасынын бардыгы макул болгон. Ал эми аттарды Кыргыз тараптан ижарага алалы делген чечим кабыл алынган", - деп билдирген Оспанов.
Мындан сырткары Оспанов Кыргыз тарап кечирим сурап, оюнду башка күнгө жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана Казак курама командасы эртеби-кечпи оюнга чыгарын кошумчалаган.