Депутат Кытай туристтери тууралуу: "Кашыктап чогулткан кадыр-баркымды бир түндө төгүштү. Мунун артында саясий каршылаштарым турушу мүмкүн"

"Мага болуп жаткан каралоонун артында саясий каршылаштарым туруушу мүмкүн" деп бүгүн, 10-октябрда депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал каралоо аракети кытайлык туристтер үчүн визасыз режим киргизүү боюнча берген сунушунун негизинде болуп жатканын билдирди.

"Менин 4-октябрда Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү боюнча сунушум айрым адамдар тарабынан колдоого алынды. Бирок интернет колдонуучулары менин абийириме, кадыр-баркыма чейин талкуулашты. Бул демилгем үчүн кашыктап чогулткан кадыр-баркымды бир түндө төгүштү. Аларды адам укугу, тууган-уругум, кайын журтум жана башка жакындарым кызыктырган жок. Балким, мунун артында саясий каршылаштарым да турушу мүмкүн. Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде элиме ак кызмат кылам деп ант бергем. Мына ошонун негизинде калктын жашоосун өзгөртүү жолдорун издеп, бир нече мыйзам долбоорлорун жаздым”, - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан