Азыркы тапта Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жаткан 12 жаштагы Айчүрөк жардамга муктаж. Ал кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап жатканын билдирип, SUPER.KG порталына Айчүрөктүн апасы Венера Буржуева кайрылды.
"Кызымды мындай ооруга кабылат деп эч ойлогон эмесмин. Алгач жөн гана буту ооруп ооруканага кайрылганбыз. Дарыгерлер кызымдын тизесинде шишик бар экенин айтып, операция жасашты. Операциядан соң тизесине кичинекей протез салыш керек экендигин билдиришти. Бишкекке келип, Түркияга протезге буюртма бердик. Ал эми анализдердин жыйынтыгы шишитин залалдуу эмес экендигин көрсөттү", - дейт бейтаптын апасы.
Протез келип, операция жасалган соң, Айчүрөктүн буту кайрадан шиший баштаган.
"Операция жасалып, протез салган соң кызымдын бутуна гипс коюшту. 1 айдан соң гипсти чечкенден кийин Айчүрөктүн буту шишип чыкты. Дарыгерлерге көрүнсө, кызым рак оорусуна чалдыкканын, ал 4-баскычта экенин билдиришти. Бул бизге чоң соңку болду. Көрсө, биз Түркиядан протезди күтүп жүргөн мезгилде рак оорусу күчөп, кызымдын өпкөсүнө метастаз жайылып кетиптир, биз аны кеч билдик", - деп кейиген Буржуева.
Айчүрөктүн атасы мындан 8 жыл мурун кырсыктан каза болгон. Жалгыз бой эне кызын дарылатуу үчүн 15 миң доллар топтоо керек болуп жатканын айтат.
"Азыр Бишкекте дарыланып жатабыз. Айчүрөктүн өпкөсүнө жайылып кеткен метастаздарды дарылоо үчүн Индияга баруубуз керек. Ал жактагы дарыгерлер менен байланышсак "канча эрте келсеңер, айыгуу мүмкүнчүлүгү ошончо көп" деп жатышат. Өз алдымча акча табууга мүмкүнчүлүгүм болбой жаткандыгына байланыштуу кызымдын өмүрүн сактап калуу үчүн жардам сурап жатам", - дейт ал.
Айчүрөктүн өмүрүнө кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдар 0772457370 номери аркылуу Венера Буржуевага байланыша алат. Элсом - 0772457370.