"Милиция мени мыйзамсыз камагандыгы үчүн өзүмдү-өзүм өрттөйм" дейт төрт баланын энеси Роза Маманова

Роза МамановаКызыл-Кыя шаарында төрт баласын жалгыз багып келген Роза Маманова Бишкекке келип өзүн-өзү өрттөй турганын SUPER.KG'ге 9-январда билдирди. Өзүнүн айтымында, мындай ойго баруусуна Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ага карата жасаган мыйзамсыз иш-аракеттери түрткү болууда. Анан да белгисиз телефон номерлерден автомат жана снайперлердин сүрөтү келип жатканын айтып кооптонду.

Маалым болгондой, Мамановага Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын декабрында камакка алынып, 36 күн аталган ички иштер бөлүмдүн убактылуу кармоочу жайында кармалган.

"Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэри шаардын карамагындагы 1 гектар 76 сотых жерди 2010-жылга чейин эле 350 миң сомго сатып алып койгон. Ал жер сейил бак болгон. Ошон үчүн мен буга каршы чыгып, ал жер кайтарылсын, жок дегенде колунда жок, жерге муктаж болуп жаткан адамдарга берилсин деп чыккам. Прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгоп, сот аны мамлекетке 5 миллион сом төгүү чечимин чыгарган. Бирок менин каршы чыгып жатканым үчүн мурдагы вице-мэрдин жубайы "Роза Маманова шаардык бийликтеги адамдар тууралуу ар кандай сөздөрдү жазып, аларды коркутууда" деп президентке кат жазыптыр. Президенттин тапшырмасынын негизинде Кызыл-Кыя ички иштер бөлүмү тарабынан иш тергелип баштаган.

Бирок тергөө учурунда ал арыздын маңызы өзгөртүлүп кеткен. Тактап айтканда, "Маманова өзүн жактоочу катары тааныштырып, 2016-жылдын июль айында үйдөн көп суммадагы акча каражатынын уурдалышы боюнча козголгон кылмыш иштин ачылышына жардам берем деп 50 миң сом сураган. Анын 10 миң сомун колуна бергем. Бирок алдап кетти" деп арыз жазган. Бул, албетте, тергөө тарабынан жасалмаланган. Себеби мен кылмышты ачууга күчүм жеткидей тергөөчү эмесмин.

Ошентип 2017-жылдын 30-ноябрында мени шаардык ички иштер бөлүмүнө чакырып сурашкан. Эртеси мага издөө жарыялап жиберишкен. Арадан 20 күн өткөндө милиция кызматкеринин чакыруусу менен барсам мени камап коюшту. 36 күн убактылуу кармоочу жайда жаттым.

Кийин соттун чечими менен 1 жылга шарттуу кесилгем. Тилекке каршы, тергөөдө жана сотто бир дагы далил көрсөтүлгөн эмес. Милиция далил жок туруп эмнеге 36 күн камайт, сот эмнеге 1 жылга шарттуу кесип салат? Ошол учурда 4 балам кароосуз калды. 5 жана 8 жаштагы балдарым мугалимдеринин үйүндө болсо, чоң класста окуган эки балам ар кимдин үйүндө күн өткөрдү. Азыр дагы артымдан калбай аңдып жүрүшөт. Милициянын, соттун ушундай мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 15-январда кичинекей баламды алып Бишкекке барганы жатам. Ак Үй алдына барып, 2 литр бензинди чачып өзүмдү-өзүм өрттөйм", - деди Маманова.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр. Редакция тарабынан байланышуу аракеттери көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurkyz1977
2019-01-09 18:40:24
Ортонуп жатып жок болуп кетебизби,башка арга жокпу? Эн оной жолду тапкан экенсинер. Кимге ишенеринди билбейсин. Акты ак,караны кара деп качан тааныйбыз.
+3
Azatbek.Svoboda.
2019-01-09 18:42:55
Кой эми озунду орттоп балдарыны ким багып чонойтот! Айтып жатпайсынбы 36 кун камакта болгонунда балдарын ар жерде ар кимдикинде кыйналып журду деп. Олсон аларды ким карайт буга чейин апасы келет деп карап турушкан! Эми эмне болот олгондун озунун шоору!Аларга барибир ушудан коро орттонуп туура кылды дешет!
+7
Alia82
2019-01-09 19:49:05
Президентке кир андан коро, тазале акыйкат адам болуп укмуш эле создорду суйлоп аткан президентти королучу акыйкатсыздыка кандай карайт экен
+11
Wold
2019-01-09 20:23:35
Жеп-ичкен паракорлордун үстүнөн акыйкатты так ачкан экенсиз, эми дагы акыйкат үчүн тик туруп бериңиз, сизге окшогон мекенчилдер өрттөнүп эле өлө берсеңер өлкөнү ким куткарат? Сабыр кылып туруңуз эжекеси, Кудай гайыптан жардамын берип калаар.
+3
Nurgul76
2019-01-10 02:27:51
Битке очошуп койногунду орттобо дешетко торт баланды ойло сабыр кыл.Сен олгондо эле чондор озгоруп акыйкаттык болуп кетпейт.
+3
aibars
2019-01-10 02:50:10
Ак ийилет бирок сынбай, оз омурго кол салган бул кечирилгиз куноо. Уулдарыныз чонойгондо алаканына салып багышат буйруса. Алдыда дагы кооп жакшылыктар бар. Эгер окуп жатсаныз ойунуздан кайтыныз. Бул жашоодо бир кун жарык бир кун карангы.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-01-10 05:19:17
Азыр кайдигерлик убакта озунду орттосон деле конул бурбай коюшу толук мумкун
+2
Erik2018
2019-01-10 11:23:22
Тийишттүү кызматтар бул алдын үнүн жогорку жактарга жеткирет деген ойдомун. Анкени бул аялдын мындай кадамга барышына ар кандай фактор таасрини тийгизиши мүмкүн.
+1
Zaina
2019-01-12 08:45:51
Бул кун да отоор, озун учун болбосо да балдарын учун чыдап жаша. Же чет олкого кетип кал.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан