КТРКнын директорлугуна талапкер болгон 17 адамдын ичинен 8и кийинки турга өттү

КТРКнын директорлугуна талапкер болгон 17 адамдын ичинен 8и кийинки турга өттү. Бул тууралуу аталган телеканалдын Байкоочу кеңеши кабарлады.

Маалым болгондой, Байкоочу кеңеш бүгүн, 1-мартта 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөрдү. Финалдык тур 6-мартта өтөт.

КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышкан. 28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тартып, арызын кайтарып алса, дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин тизмеден чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qwer007
2019-03-02 08:36:26
Адил турдукулов татыктууго дейм
-2
Dembele84
2019-03-02 10:32:24
Qwer007,Койчу ошону эзилтип,бышпаган камырга окшоп)))
+2
interpol
2019-03-02 22:13:27
Чынара Капаровала койсо болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан