Депутат тышкы инвесторлор келбей жатса ички инвестицияга көңүл буруу керектигин айтты

Депутат Руслан Казакбаев тышкы инвесторлор келбей жатса ички инвестицияга көңүл буруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2018-жылы өлкөгө түз инвестициянын келиши төмөндөгөн. Тышкы инвестиция келиши үчүн саясий туруктуулук керек. Тышкы инвесторлор келбей жатса, ички инвестицияга көңүл буруу шарт. Ички инвесторлордун соттору, чыр-чатактары уланып келет. Көк-Сай жана Коңур-Өлөң ГЭСтеринин курулушу боюнча чыр-чатактар болуп жатат. Президентке, премьер-министрге бул кабар жеткен. Ички инвестор тарабынан жалпы 515 миллион сом акча каражатына 2017-жылы ГЭСтер курулуп, бир жылдан ашык убакыттан бери ишке кирбей турат. Ысык-Көл райондук соту, Жогорку Сот ГЭСтердин пайдасына чечим чыгарганына карабастан "Улуттук энергетикалык холдинг", "Чыгыш электр" ишканасы соттун чечимин аткарбай жатат. Өкмөт өкүлдөрүн ушул маселеге көңүл бурууга чакырам", - дейт Казакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан