Депутат Ысык-Көлдө туристтик сезонго карата даярдык жакшы эмес экенин айтты

"Ысык-Көлдө туристтик сезонго даярдык жакшы эмес экен" деп бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

"Туристтик мезгил башталып калды, жакында эле Ысык-Көлгө барып келдим, бирок сезонго даярдык жакшы эмес экен. Туристтик мезгил башталганга чейин Балыкчы-Корумду жолунун Тору-Айгыр тарабындагы бөлүгү салынат деди эле, бирок иш ордунан жылган жок. Жергиликтүү тургундар 3 жылдан бери кыйналып бүттү. Бул маселени көтөрө берем. Көптөгөн көйгөйлөр чечилбей турат, аларды өз маалында чечиш керек да. Бул маселелер боюнча премьер-министрдин оюн уккубуз келет.

Өкмөт менен бирге барып, андагы абалды жеринен көрүп келсек жакшы болмок. Бул маселени көтөрүүнү токтотпойм, өкмөттүн өкүлү жооп бергенден тажабайт экен. Ал эми маселе болсо дагы эле чечилбей турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан