ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарындагы Анар кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар короону тосуп, ит багып жатышат" деп жазат окурман

"Ош шаарына караштуу Анар кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тосуп алышкан. Ага эми мейли десек ит багып, ал түнү менен үрүп, уктатпай жатат", - деп жазат окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө.

"Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында жашайбыз. Ал эми 1-кабатта жашагандардын көпчүлүгү үйдүн короосун тосуп, өз алдыларынча тапчан, унаа токтотуучу гараждарды салып алышкан. Анысына макул дейли десек тынчыбызды алып, ит багып жатышат. Иттер түнү менен уулуп, үрүп чыгат тынчтык бербей. Үйдө жаш балдарым бар болгондуктан, аларды көпкө дейре уктата албай кыйналам. Буга чейин иттин ээсине кайрылганбыз. Бирок алар кулак салбай жүрүшөт. Ал эми районду караган аймактык милиция кызматкерлерине кайрылсак, "кошуналар өздөрүңөр чечип алгыла" деп коёт", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2020-02-25 09:06:22
Озу тосуп алган болбойт жерге налог токтуруш керек оздору эле бошотуп беришет!Ит бар жерге периштелер келишпейт!
-1
Bars88
2020-02-25 09:10:55
Эн оной жолу чычкан дары.Тынч жашайсынар итке берип койсонор
+1
mirkaa5182
2020-02-26 00:32:40
кошунаң ит бакбай ,бала баксын .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан