Коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов 70 жашында каза болду

Белгилүү коомдук ишмер, агартуучу Ташбоо Жумагулов 6-апрелге караган түнү 70 жаш курагында Орусиянын Москва шаарындагы ооруканалардын биринде каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына маркумдун курсташы тастыктады.

Маркумдун жубайы, акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекованын социалдык тармактардын бирине 2-апрель күнү калтырган билдирүүсүнө ылайык, Жумагулов залалдуу шишик дарты менен алышып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Коомдук ишмер жана агартуучу Ташбоо Жумагулов 1950-жылы 16-январда Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси кызматтарын аркалаган. Агартуу жана маданият тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген.

SUPER.KG порталы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2020-04-06 22:33:47
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун...
+3
pero5184
2020-04-06 23:32:45
Оо дүйнөсүн берсин Кудайым
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан