Корея Республикасынын өкмөтү гуманитардык жардам иретинде Кыргыз өлкөсүнө 300 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, жардам Кыргыз Республикасынын COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында берилген. Көрсөтүлгөн суммага ПЦР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынган.
Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин аракеттери менен 28 миңден ашык долларга гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЦР-тесттер алынган.
"Бүгүн, 29-майда бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди.
Жалпысынан 26 миң 950 ПЦР-тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү каражаттар 2 жабдык топтому менен келди", - деп маалымдашты өкмөттөн.