Эртең, 10-июлда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Чүйдө түнкүсүн +14 … +19 °C, күндүз +26 … +31 °C;
Таласта түнкүсүн +10 … +15 °C, күндүз +24 … +29 °C;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21 °C, күндүз +28 … +33 °C;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7… +12 °C, күндүз +17 … +24 °C;
Нарында түнкүсүн +6 … +11 °C, күндүз 17 … 22 °C;
Бишкек шаарында 10-июлда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14 … +19 °C градус, күндүз +26 … 29 °C градус болот.