Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Жаңы китеп" мекемеси 12 миңден ашуун окуу китебин басып чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Катардын кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен 5-6-класстын окуучулары үчүн "Көркөм өнөр", "Технология" дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилде 12 миң 380 даана китеп басып чыгарылды.
Бишкек шаарына 2 миң 335 китеп берилди. Анын 1300ү кыргыз тилиндеги, 1235и орус тилиндеги окуу куралдары.
Чүй облусуна 8 миң 800 даана китеп бөлүндү (3 миң 715 экземпляр - кыргыз тилинде). Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлдү.
"Жаңы китеп" мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Төлөгөн Аматовдун айтымында, окуу китептер жакынкы 5 жылга ижарага берилет. Ижарадан топтолгон каражатка жаңы окуу китептери басылып чыгарылат.