Практика көрсөткөндөй, көптөгөн айдоочулар унаа айдап бара жатып кат алышып, сүйлөшүп же тамактанып алышат. Адамдын алаксып кетиши үчүн көп убакыт талап кылынбайт. Натыйжада, унаа башкарууда башка бир нерселерге алаксып жол эрежесин бузуууга алып келиши мүмкүн. Мындан улам Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга кеңеш берет.
1. Мас абалында унаа башкаруу кымбатка турушу мүмкүн. Себеби, көп кырсыктар болуп жатканы баарыбызга маалым. Адам баласы тегерегинде эмне болуп жаткандыгын толук билбесе жана акыл эси жагынан маселелер болсо, рулга отурбай эле койгону оң.
2. Ар бир жаран өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коопсуздук курун тагынуу керек. Тилеке каршы коопсуздук курун тагынган адамдар аз пайызды гана түзөт, көпчүлүк айдоочулар жана жүргүнчүлөр тобокелге салып, олуттуу карабай, коопсуздукту дагы деле унутушат.
3. Унаада жүргөндө уюлдук телефонуңузду колдонуу ушунчалык азгырат, айрыкча, шыңгыраган үн чыкканда. Бирок бул кооптуу! Айрыкча тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүү жана ошол эле учурда унаа айдоо.
4. Жолдун оң тилкесинде бара жатып сол тилкеге өтүүдө (көп тилкелүү кыймылда) башка айдоочулардан этият болуңуз. Ар дайым эң коопсуз четки тилкени ээлөөгө аракет кылганыңыз оң. Эгерде башка айдоочулар арттан өтүш керек болсо, жана ушул учурда сиздин унааңыз сол тилкеде калса, анда алар кооптуу кадам жасап, оң тарапка кетип калышы мүмкүн, бул коопсуздукка коркунуч туудурат.
5. Алдыңдагы унаага өтө жакын айдаба. Айрыкча күз-кыш мезгилинде. Башка унаалардын артынан жарышуу азгырык болушу мүмкүн, мында сиз өзүңүздүн жана башкалардын өмүрүн тобокелге саласыз. Эгер алдыңкы унаа тормозду кескин тепсе, анда сиздин унаа токтоого жетишпей калышы мүмкүн. Айрыкча чоң унаа жолдордо аралыкты сактап айдасаңыз коопсуздугуңузду сактай аласыз.
6. Унаанын ылдамдыгына этият болуш керек. Ылдамдык таасири оор кесепеттерди алып келген жол кырсыгынын негизги фактору болуп кала берүүдө. Ылдамдык кандай гана азгырылбасын, айдоочулардын өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн. Ар дайым ылдамдыктын чегин эске алып, жол эрежелерине ылайык айдоо керек.
7. Айдоо учурунда жүк ташуучу унаалардан этият болуу керек. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу сиздин унааңызды көрбөй калышы мүмкүн экендигин унутпаңыз. Кууп өткөндө, тилкенин өзгөргөндүгүнө белги берүү үчүн жетиштүү орун бар экендигин эске алыңыз. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары башка айдоочулардай тез токтото алышпасы эсиңизде болсун.
8. Узак сапарда айдоочу сөзсүз чарчайт. Эгер сиз чарчаганыңызды сезсеңиз, анда токтоп, бир аз тыныгып алганыңыз оң. Адатта, айдоочулар чарчап-чаалыгуудан музыка коюп, алга умтула беришет, бирок чечкиндүү болуп, унааны токтотуп, физикалык же психикалык жактан эс алууда, сиз кырсыктарды алдын алган болосуз.
9. Аба-ырайынын шарттары жөнүндө кабардар болуңуз. Жаан-чачындуу же кар сыяктуу оор аба-ырайы болгондо, сиз этият болуп, маневр жасоодон алысыраак болуңуз. Ылдамдыкты жана аралыкты сактоону унутпаңыз.
10. Жолдо ачуулануу - чындыгында көйгөй. Бирок башка айдоочулардын каталарына же этиятсыз жүрүм-турумуна көңүл бурбоо керек. Жол-транспорт кырсыктарынын жарымынан көбү агрессивдүү айдоочулуктан келип чыгат. Жолдо башкалардын кетирген каталарын байкабай коюу оңой болбосо дагы, сөзсүз айдоочу өзүн алаксытуу керек. Башка айдоочу ойлонбостон ката кетирсе, ызаланып, өзүн агрессивдүү алып жүрүүнүн ордуна, терең дем алып, бардыгын коё берген оң.
11. Унаа жолдорунда жүрүүдө коопсуздук биринчи орунда турушу керек. Телефондо сүйлөшүү, унаа айдап бара жатканда катуу ылдамдыкта жүрүү же мас болуу оңой, бирок кырсыктын кесепеттерин жоюу оңой эмес. Дал ушул себептен, унаа башкаруу учурунда коопсуз айдоо көндүмдөрүн өркүндөтүп, жолдо жигердүү айдоо керек.