Президент Садыр Жапаров Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторуна судьяларды дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президенттин атына райондук сотторду дайындоо үчүн жалпы 31 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 30 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.
Президент 30 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Чүй облусу:
Чүй райондук соту:
Гүлай Курманова.
– Жалал-Абад облусу:
Аксы райондук соту:
Кайрат Батыралиев;
Манасбек Дарманкулов;
Ташкан Насирова.
Базар-Коргон райондук соту:
Шарипжан Миталипов;
Марлен Нармырзаев;
Сулайман Эргешов.
Ноокен райондук соту:
Данияр Өскөнов.
Мунарбек Турдумбетов.
Сузак райондук соту:
Нуржамал Маматалиева;
Иматилла Жолдошов;
Сапаргүл Жолчу кызы;
Айжан Смадиярова;
Уулкан Осмоналиева.
Тогуз-Торо райондук соту:
Ниматилла Каримбеков;
Аманбек Төлөнбаев.
Чаткал райондук соту:
Сотибек Осмонов.
Токтогул райондук соту:
Гүлмира Бапанова.
Кара-Көл шаардык соту:
Нурлан Миркамилов.
Майлуу-Суу шаардык соту:
Данияр Асылбашев.
Таш-Көмүр шаардык соту:
Алтынбек Садыков.
Жалал-Абад шаардык соту:
Аида Апысова;
Алтынбек Калмамат уулу.
– Ош облусу:
Кара-Суу райондук соту:
Венера Туманова.
Чоң-Алай райондук соту:
Элиза Эргешова.
Ош шаардык соту:
Кылычбек Истамкулов;
Темирбек Курманбеков;
Темирбек Маматов;
Абдималик Акматов;
Таалайбек Матенов.
Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.