Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу жана капитаны Валерий Кичинге "Даңк" медалы тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан (КФС) кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кичинге "Даңк" медалы 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, квалификациялуу спортчуларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн тапшырылган.
Мамлекеттик сыйлыкты маданият, маалымат жана спорт министри Кайрат Иманалиев тапшырган.
Валерий Кичин учурда Кыргыз курамасы менен Бишкекте алдыдагы оюндарга даярдык көрүп жүрөт.