"Элдин көйгөйүн, маселесин чечиш кыйын экен" дейт Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов алдыдагы пландары жана аткара албай калган иштери тууралуу SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда маек берип жатып.
"Менин оюмча, аткара албай калган иштерим көп. Бул биринчиден мамлекеттин экономикасына байланыштуу. Буга пандемия шарттары дагы тоскоолдук кылды. Ошондуктан элдин көйгөйлүү маселесин чечиш өтө кыйын экен, бирок салыштырмалуу мен аймактарда көп маанилүү иштерди жасадым. Бирок ойдогудай болгон жок. Буга эл тараза", - деп кошумчалады Нышанов.