Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы милиция бөлүмүндө эркек киши каза болгону маалымдалган.
SUPER.КG порталына каза болгон жарандын жубайы Дилбар Максутова кайрылып, жолдошунун өз ажалы менен каза болгонуна ишенбей, милиция кызматкерлеринен шек санап жатканын айтып кайрылды.
"Окуя 31-август күнү болгон. Алынган тасмалардан көрсөк жолдошум ошол күнү дүкөнгө кирген. Ортодо кандайдыр бир келишпестик пайда болуп, дүкөнчү кыз милиция чакырткан экен. Аймактык милициянын бөлүмчөсүнөн кызматкер келип аны алып кеткен. Андан кийин эле каза болуп калган. Жолдошум дүкөнгө барганда кызуу болгон, бирок өтө мас эмес экени билинип турат.
Бөлүмчөдө жарым саатта эле каза болуптур. Бирок биз кабарды эртеси, 1-сентябрь күнү уктук. Анда дагы издеп жүрүп таптык. Бизге эч кандай кабар дагы айтышкан жок. Ага чейин кызматкерлер өздөрү билип, күйөөмө медициналык экспертиза жасап коюшкан. Эртеси биз өлүкканадан алып келип, жерге бердик.
Уулум аны майрам сууга алып жатканда кабыргасы сынып кеткенин байкаптыр, колдору карайып, бел жагында кара издери болгон.
Максутованын айтымында, ал ошол күнү жолдошу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
"Жолдошум экөөбүз ошол күнү эртең менен сүйлөшкөнбүз. Ал кошуна айылда жумушта иштеп жүргөн. Экөөбүз жолугуп базарга бармакпыз. 15 миң сом акчам бар деген. Ошону менен эле ал жок болуп кетти. Мен аны 31-августта издедим. Эртеси ооруканаларга дагы бардым. Жолдошум каза болуп калганын мага иним айтты. Ал ооруп комага түшүп калды деди. Бирок көп өтпөй эле анын жансыз денесин үйгө алып келишти.
Анын кызыктай өлүмүнөн шек санап жатам. Мен милиция кызматкерлеринен көрүп жатам. Алар катуу чаап коюшу мүмкүн. Азыр милиция тергөө жүрүп жатат деди. Мен аларга акыйкат карап берүүлөрүн айтып, бүгүн, 6-сентябрда арыз жаздым.
Жолдошум экөөбүздүн бир уул, бир кызыбыз бар. Уулум жакында үйлөнмөк. Мен жакында эле жол кырсыгына кабылып, ооруп жаткам. Ошого байланыштуу жолдошум кара жумуштарда иштеп жүргөн", - деди Максутова.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан учурда дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдиришти.
"Тергөөнүн жүрүшүндө кимдин күнөөлүү экени аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан