Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанова ички органдары жок табылды деген маалыматты атасы Уткирбек Сулайманов четке какты.
Анын айтымында, азыркы учурда Сумаяны издөө иштери жүрүп жатат.
"Ал маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кызымды издеп жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле жогорудагы маалымат боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кыматы төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бул маалымат жалган. Жарандардан такталбаган маалыматтарды таратпоого жана бөлүшпөгөнгө чакырабыз", - дешти облустук милициядан.
Мындан тышкары милициядан жалган маалымат тараткан жарандар мыйзам чегинде жазага тартыларын эскертишти.
Буга чейин WhatsApp мессенжеринде Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанова Кызыл-Байрак айылында ички органдары жок табылды деген маалымат тараган.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Сумая Хосилжанованы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 кайрылса болот.