Макрон: "Франция Палестинаны мамлекет катары тааныйт"

Франция Палестинаны мамлекет катары тааный турганын президент Эммануэль Макрон билдирди. Анын айтымында, бул чечим Газадагы согушту токтотуу жана гуманитардык кризисти жеңилдетүү боюнча чечкиндүү кадам катары керек, деп кабарлайт France 24 басылмасы.

Ал арада Макрон X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө бул чечимди сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында расмий түрдө жарыялай турганын жазды.

"Бүгүн эң маанилүүсү - Газадагы согушту токтотуп, тынч тургундарды сактап калуу",- деп жазды ал.

Макрон 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС тарабынан Израилге жасалган чабуулдардан кийин Израилге колдоо көрсөтүп, антисемитизмге каршы чыкса да, акыркы айларда Израилдин Газадагы согушуна карата нааразычылыгы күчөп баратат.

"Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга Франциянын тарыхый берилгендигин эске алып, Франция Палестина мамлекетин тааныйт деп чечтим. Тынчтык мүмкүн",- деп жазды Макрон. Ал ошондой эле бул чечим боюнча Палестина президенти Махмуд Аббаска жиберген катын жарыялады.

Палестина автономиясынын вице-президенти Хусейн аль-Шейх Франциянын Палестина мамлекетин таануу ниетин кубаттап, президент Эммануэль Макронго ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан