Токмок шаарындагы 16 жаштагы кызды зордуктоо фактысынын тергелишин ИИМдин жетекчилиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Токмок шаарында жашы жете элек кызга карата жасалган кылмыш боюнча социалдык тармактарда тараган маалымат ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул ишти ар тараптуу тергөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды.
Андан сырткары ИИМдин ички иликтөө кызматына Чүй ОИИББинин жетекчилиги менен кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү тапшырмасы берилди", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында 53 жаштагы жаран жашы жете элек кызын белгисиз жаран зордуктап, денесине залал келтиргени боюнча милицияга арыз менен кайрылган.