Конья-2021: "Бекболоттун реваншын алды". Алмаз Сманбеков Дүйнө чемпионун жеңди

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында бүгүн, 10-августта күрөш боюнча мелдештер башталды.

Мелдешке эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан Алмаз Сманбеков жарым финалга чыкты.

Ал алгач азербайжандык Алиаббас Рзазаде аттуу балбанды, чейрек финалда сенегалдык балбанды жеңди.

Муну менен кыргыз балбаны Ислам шериктештиги оюндарында жарым финалга чыкты.

Белгилей кетсек, былтыр, 2021-жылы Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу дал ушул Алиаббас Рзазаде аттуу балбан менен финалда кез келген. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө эсеп 6:6 болуп, калыстар жеңишти азербайжандык балбанга ыйгарышкан. Буга кыргыз балбанынын машыктыруучулары нааразычылыгын билдирип, Бекболот Мырзаназар уулун килемден алып чыгып кетишкен.

Ошол эле жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Күрөш федерациясы финалдык беттештеги калыстардын чечимин кайра карап чыгуу үчүн UWW'га кат жөнөткөн.

Катты карап чыккан Дүйнөлүк күрөш уюму беттеш 7:6 эсебинде азербайжандык балбандын жеңиши менен аяктаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан