"Калпелешка" экениңе бүгүн ынандым". Атамбаевдин уулу Анжеликага жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев ырчы Анжеликанын Алмазбек Атамбаевге жолдогон Кой-Таштагы үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүү боюнча кайрылуусуна өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жооп берди.

"Албетте бийлик сизден баш тартпайт, урматтуу Анжелика! Анткени жакшы жазылган сценарий!

Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков жана анын "бандасынын" мыйзамсыз аракеттери жөнүндө, адегенде үйдүн кожойкесинен же үй-бүлөсүнөн сурап, адамча сүйлөшүш керек болчу, анткени Алмазбек Шаршеновичтин да балдары, неберелери бар!

Мен түшүнүп турам, бирок бардык нерсенин чеги болот! Мен сизди адам катары да, ырчы катары да абдан баалачумун. Бирок бүгүн "калпелешка" экениңе ынандым, башка сөз жок!

Сиздин деле байлыгыңыз жетиштүү, кедей эмессиз. Балким өзүңүздөн баштайт чыгарсыз, маселен хан сарайыңыздан! Кыргыздарда "Бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт" деген жакшы сөз бар. Аман эле болуңуз!", - деп жазган Сеид Атамбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго Атамбаевдин үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, кайрылуу жолдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан